1-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Айлыкты жогорулатуу үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 1-августтан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, айлыкты жогорулатуу үчүн 10 миллиард сомго жакын каражат керектелет.
Мамлекет башчы социалдык тармактын айлыгы, социалдык жөлөк пулдар, күч түзүмдөрүнүн айлык маянасы буга чейин көбөйтүлгөнүн белгилеген.
"Үйдө тынч, туруктуу киреше болуп, элибиз келечекке үмүт артып жашаса дейбиз", — деген Жапаров.
Белгилей кетсек, учурда министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда бийлик 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчёт берип жатат.
Акча бекитүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Акча чогулта албай жүрөсүзбү? Эске алчу үч кеңеш
Жаңылыктар түрмөгү
0