16-июлга карата аба ырайы

© AFP / JORGE GUERREROКүндөн калкаланып жаткан кыз. Архив
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
16-июлга караган түнү Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз Чүй, Ысык-Көл облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын өрөөнүнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас жергесинде +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +24...+29, Нарын аймагында +25...+30 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ош калаасында +36...+38, ал эми Чолпон Атада +25...+27 градуска жетери айтылды.
Пляжда эс алып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жаан-чачындуу болобу? Июль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0