Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбетова: өлкөдө көп тармактуу миграциялык борбор ачуу пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпар Мамбетова
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпар Мамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпар Мамбетова өлкөдө көп тармактуу миграциялык борбор ачыларын айтты.
Россияга эмгек миграциясына кетүүчү жарандар Кыргызстандан эле медициналык текшерүүдөн өтүп, тиешелүү документтерди толтура алышат. Бул тууралуу Жыпар Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамбетова: өлкөдө көп тармактуу миграциялык борбор ачуу пландалууда
Анын айтымында, миграциялык борборду ачуу боюнча ушул жылдын башында Россия тарап менен келишим түзүп, кыргызстандык мигранттарга шарт түзүү маселеси каралган.
"Ушул жылдын башында Россия тарап менен көп тармактуу миграциялык борбордун ачылышы тууралуу келишимге кол койгонго жетишкенбиз. Бул Россияга эмгек миграциясына кетүүчү жарандар Кыргызстандан эле медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиядан өтүп, тиешелүү документтерди толтурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аталган борбор жакынкы айларда ишке кириши болжолдонууда. Мындан тышкары, азыркы учурда имарат маселеси чечилип жатат. Россия тарап миграциялык борбор жылына 5 миңдей адамды тейлөөгө ылайыкташышы керектигин талап кылууда", — деди Мамбетова.
Ошондой эле адис көп тармактуу миграциялык борбордун ачылышы дагы көйгөйлүү маселелердин чечилишине өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0