Кытайда берилүү менен "Манас" уккан Си Цзиньпин. Видео

Жазылуу
Кытайлык кыргыздардын "Манас" айтканын уккан Кытай Эл Республикасынын төрагасы эпос муундан-муунга өтүп, өнүгүшүнө тилектештигин билдирген.
Кытайлык кыргыздар Кытай лидери Си Цзиньпинге "Манас" эпосунун негизинде даярдалган концертин тартуулашканын CGTN телеканалы маалымдады.
Ага ылайык, 13-июлда КЭР төрагасы Синьцзян-уйгур автономдуу районунун музейине барган.
"Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети улуттук маданий мурасты коргоого өзгөчө көңүл бурат. "Жангар", "Гесар падышасы тууралуу" жана "Манас" — биздин улуттук азчылыктардын мурасы. "Манас" эпосу дайыма сакталып, муундан-муунга өтүшүнө тилектешмин", — деген Си Цзиньпин.
Жаңылыктар түрмөгү
0