Россия кара жол менен киргендерге COVID чектөөсүн жойду

© Sputnik / Олег Минеев / Медиабанкка өтүүРоссия менен Беларусьтун чек арасында айдоочунун дене табын текшеруу. Архив
Россия менен Беларусьтун чек арасында айдоочунун дене табын текшеруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
Аба жана суу жолдору менен келгендерге чектөө мындан бир ай мурда, 14-июнда, алынган эле.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россия бүгүндөн, 15-июлдан тарта, кургактыктагы чек аралардан киргендерге коронавирустан улам эки жыл мурда, тагыраагы, 2020-жылы мартта коюлган чектөөлөрдү алды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Бул боюнча тиешелүү документке Россия премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон.
Ал эми аба жана суу жолдору менен келгендерге чектөө мындан бир ай мурда, 14-июнда, алынган эле.
Роспотребнадзор мындай кадам омикрон штаммынын жайында арбып кетишине көп деле таасир этпейт деп эсептей турганын билдирген.
Алмата шаарында көчөдө бараткан жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Алматыда бет кап режими киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0