"Ысык-Көл" аэропорту менен Чолпон-Атанын ортосунда жол кыймылына чектөө кирет

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
Бул күндөрү Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу болот.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. 20-21-июль күндөрү "Ысык-Көл" аэропорту менен Чолпон-Ата шаарынын ортосунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу болот.
ЖКККББ чектөө учурунда жол боюна токтотулган автоунаалар эвакуация болорун эскертти.
Башкармалык Ысык-Көл облусунун тургундары менен конокторун иш-чарага түшүнүү менен мамиле кылып, жол эрежесин бузбоого чакырды.
Ала-Тоо аянтындагы Улуттук Гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Дем алыш күндөрү "Ала-Тоо" аянты убактылуу жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0