Парашют менен аянтка түшүшөт. Бишкекте Улуттук гвардиянын 30 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековПарашютист. Архивдик сүрөт
Парашютист. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Жазылуу
Аянттагы иш-чара саат 18:00дө башталат.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эртең, 17-июлда, "Ала-Тоо" аянтында Улуттук гвардиянын 30 жылдык мааракесине карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирип, кыргызстандыктарды майрамга чакырды.
Ага ылайык, иш-чара саат 18:00дө башталат. Анда "Пантера" отрядынын аскерлери парашют менен аянтка түшүшөт. Мындан тышкары, Ардак кароол ротасы жана аскердик оркестр демонстрациялык номер тартуулап, иш-чара Улуттук гвардиянын салтанаттуу маршы менен аяктайт.
Белгилей кетсек, иш-чара учурунда "Ала-Тоо" аянты жабык болот.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министри Азамат Жаманкулов жыйында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Казыбек казалчынын 120 жылдыгы. Министрлик өтчү иш-чараларды тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0