Америка сенатору мурдагы СССР республикаларын НАТОго кошпоого чакырды

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDТүндүк атлантикалык альянстын желеги. Архивдик сүрөт
Түндүк атлантикалык альянстын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Жазылуу
Соңку ирет аскер блокко постсоветтик мамлекеттерден Латвия, Литва жана Эстония кирген.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түндүк атлантикалык альянстан тышкары калган постсоветтик өлкөлөр НАТОго кабыл алынбашы керек. Бул тууралуу сенатор Рэнд Пол American Conservative журналына билдиргенин РИА Новости жазды.
Мурда СССРдин курамында болгон Латвия, Литва жана Эстония 2004-жылы бул аскердик блокко кошулган. НАТО анда бешинчи ирет кеңейген.
"Биз мындан ары эмоцияга алдырып, саясий кызыкчылык үчүн сүйлөй албайбыз. НАТОнун кеңейүүсүн талкуулаганда Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөр альянска кабыл алынбай турганын ачык айтышыбыз керек", — деген Пол.
Ошондой эле сенатор Россия Финляндияда айрым аскердик системалардын жайгаштырылышына жол бергиси келбейт деген пикирин билдирди.
НАТОнун лидерлери 29-июндагы саммитте Швеция менен Финляндияны альянска кошулууга расмий түрдө чакырды. Бул Түркия менен бир нече сүйлөшүүлөр жүрүп, анын ичинде эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан кийин мүмкүн болду. Андан соң Анкара жаңы мүчөлөрдүн кошулушуна каршы пикирин артка кайтарды.
Москва Түндүк Атлантика альянсы конфронтацияга багытталганын бир нече жолу белгилеген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков блоктун кеңейиши Европага коопсуздук алып келбейт деген. Тышкы иштер министрлиги Москва НАТО менен диалогго ачык экенин, ал эми Батыш континентти милитаризациялоо саясатынан баш тартышы керектигин билдирген.
НАТОнун эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
НАТОнун Россияга карата эч кандай агрессивдүү ниети жок. Мамдеп билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0