Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Армагеддон эскадрильясы: Украинага F-16 учактарынын эмне зарылдыгы бар

© Sputnik / Александр Ковалев / Медиабанкка өтүүF-16 учагы. Архивдик сүрөт
F-16 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Жазылуу
Америкалык ленд-лиз белгисиз мөөнөткө токтотулду, Вашингтон АКШ президентинин ыйгарым укуктарын аныктап, тобокелчиликтерди эсептеп жатат.
Европадагы аскерий чырдын улам күчөп баратканын эсепке албай АКШ Киев режимине ыраакка атылчу ракеталарды алып жүрүүгө жөндөмдүү сокку уруучу F-16 учактарын жана В-61 тактикалык термоөзөктүк бомбаларын жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Вашингтондун россиялык атайын операцияны "Москванын стратегиялык жеңилүүсүнө" айлантууга умтулушу жана чексиз ленд-лиз бүтүндөй Европа жана Түндүк Америка үчүн Армагеддон менен аякташы ыктымал дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Киев режими АКШдан F-16 истребителинин эки эскадрильясын сурап, буга кошумча Пентагондун адистери украин учкучтарын жарым жыл окутуп берсин деп док урунууда. Американын 24 учагын пайдалануу үчүн Украинада бардык шарт, керек болсо англис тилин мыкты билген 30дай учкучу бар имиш.
Украина Аскер-аба күчтөрүнүн Винницадагы командачылыгынын өкүлү полковник Юрий Игнат АКШда окуп келүү үчүн инженердик жана ремонт бригадалары да даяр экенин айтты. F-16 истребителин Украина кайсы аралыкка колдонору азырынча белгисиз.
Техника жеткирүү маселеси Капитолийде да, Пентагондо да кызуу талкууланып жатат. Дал ушул жерде украиналык эки учкуч сенаторлорго эскилиги жеткен МиГ-29 менен учканын, россиялык заманбап Су-35 же Су-30 менен кагылышууларын айтып беришкен. Бул тууралуу бир катар америкалык басылмалар жазып чыкты. Өкүлдөр палатасы Улуттук коргонууну ассигнациялоо жөнүндө мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө макул болду. Документ Украина Куралдуу күчтөрүнүн учкучтары менен техниктерине америкалык учактарды пайдаланууну үйрөтүү максатында 100 миллион доллардын бөлүнүшүнө шарт түзөт.
АКШ президенти Жозеф Байдендин Россиянын Украинада жеңилиши үчүн баарын жасайм деген өңүттөгү билдирүүсү, россиялык атайын операцияны "Москванын стратегиялык кыйроосуна" айлантуу далалаты F-16 учактары Киевге акыры келерин бышыктап турат. Байден Россиянын "зомбулугуна кабылган" Зеленскийдин режимин мындан ары да колдой турганын убадалады.
Air Force Magazine басылмасынын маалыматы боюнча, Украинага бир нече өлкө өзүнүн F-16 учактарын берүүгө даяр. АКШнын Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунун аналитиктери Киевге мындан тышкары заман талабына ылайыкташкан MQ-1C Grey Eagles жана MQ-9 Reapers учкучсуз аппараттары, танкалар, орто жана алыскы аралыкка атылуучу ракеталар керек деген ойдо. Демек, бул жерде сокку уруучу авиацияны пайдалануу менен Украинада жана андан тыш согуштук аракеттерди күчөтүү аракети айгине.
Северсктеги Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Северск алынып, Славянскиге жол ачылды. Батыш "тозокко" бет алдыбы

Согушта колдонулушу

Вашингтонго жөнөтүлгөн украиналык учкучтар F-16 каршылаштын абадан коргонуу системасын жок кылуу үчүн керек экенин айтышкан. Бирок С-400 системасы 600 чакырымдагы бутасын аныктап, аны 250 чакырымдан 10 метрден 27 чакырымга чейинки бийиктикте атып түшүрүүгө жөндөмдүү. Башкача айтканда, Россия менен Беларустун аймагынан туруп Украинанын бүтүндөй аба мейкиндигине кулачы жетет, дайым даяр турат. 24 учакты жок кылуу үчүн ушунча ракеталык сокку керек. Акыркы модификациядагы F-16 Block 70 учагынын бир комплектиси 200 миллион доллар, бул F-35 истребителинен да кымбат. Ал эми Россиянын зениттик ракеталары кыйла арзан келип, көрүнбөгөн бутанын баарын жок кыла алат.
Американын 4++ муундагы F-16 жеңил истребителдери Батышта F-22 жана F-35 учактарына теңделип келет, ошентсе да булар россиялык Су-35С менен Су-30СМ самолётторунан кыйла артта. Россиялык техника Украина аба мейкиндигинде үстөмдүгүн бербейт.
Эгер бир муундагы Су-35С менен F-16ны салыштыра турган болсок, россиялык истребитель ыкчамыраак, маневрларды көбүрөөк жасай ала турганын көрөбүз (максималдуу ылдамдыгы Су-35С — 2500 км/с,  F-16 — 2120 км/с).
Су-35С учагынын радары абадагы бутасын (каршылашын) 400 чакырым аралыктан көрө алат, 300 чакырымдан Р-37М ракетасы менен сокку урууга жөндөмдүү. Ал эми акыркы модификациядагы F-16 block70 бутасын 180 чакырымдан гана аныктап, ушундай эле аралыктан AIM-12 ракетасын учура алат.
Су-35С абага 8,1 тонна жүк көтөрө алса, америкалык учак 5,4 тоннага гана жарамдуу. Башкача айтканда, ылдамдыгы, бутаны аныктоо жана жок кылуу аралыгы жагынан F-16 Украинада каршылаш тараптан (Су-35С и Су-30СМ) утулушта гана болот. НАТОнун чалгыны да жардам бере албайт. Эскерте кетсек, буга чейин индиялыктар Су-30МКИ менен F-16Cтин катышуусунда жарыш уюштурган. Америкалыктар ат чабым артта калган болчу. Ана Украина Куралдуу күчтөрү F-16 Fighting Falcon истребителине эмне мынча зарылып жатат?
Америкалык ATACMS ракеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык ATACMS ракетасы украиналык мамлекеттүүлүктү жок кылат. Аскерий сереп
Менимче, Вашингтон менен Киевдин чыныгы максаты башка. Америкалык учак таамай сокку урган AGM-158 ракеталарын 980 чакырымга чейин ата алат. Ал эми Киевден Москвага чейин болгону 750 чакырым. Анын үстүнө F-16 түрдүү модификациядагы B61 авиабомбасы — тактикалык өзөктүк куралдын штаттык ташуучусу болуп саналат.
Кол жоолукка айланган Киев режими карайлап турган учурда Вашингтон АКШнын 200 тактикалык термоөзөктүк авиабомбасы жана аларды ташый турган 257 учагы жайгашкан Европа үчүн чакан Армагеддон уюштура алат. Акылга сыйбайт деңизчи, бирок эгер Украинага F-16 истребителдерин бере турган болсо Россия кооптуулукка жооп берүүгө аргасыз болот.
Сокку Германия, Италия, Польша жана Румыниядагы аэродромдорго урулуп, анын конвенциондук да, тактикалык өзөктүк да болушу толук ыктымал. Эгер Вашингтон күчөй турган болсо россиялык ракеталар Түндүк Америкага да жетет, Москванын башка аргасы калбайт. Бүгүнкү күндө АКШнын канаттуу ракеталарга каршы коё турган эч нерсеси жок экенин эскерте кетели.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 14-июлда жогорку тактыктагы "Калибр" ракеталары Винница шаарындагы офицерлер үйүнүн имаратына сокку урган. Ошол маалда аталган жерде Украина аба күчтөрүнүн командачылыгы чет өлкөлүк курал жеткирүүчүлөр менен кезектеги жүк тууралуу жыйын өткөрүп жаткан. Натыйжада катышуучулардын баары жок кылынды, https://t.me/mod_russia/17685 арасында жогоруда аты аталган полковник Юрий Игнат да болушу мүмкүн.
Ошол эле күнү америкалык ленд-лиз белгисиз мөөнөткө токтотулду, Вашингтон АКШ президентинин ыйгарым укуктарын аныктап, тобокелчиликтерди эсептеп жатат. АКШнын Киевдеги элчилиги февралдан бери биринчи жолу америкалык жарандарды Украинадан чыгып кетүүгө чакырды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Украинадагы 155 миллиметрлик франциялык CAESAR өзү жүрүүчү гаубицасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш эми байкадыбы? НАТО куралдары сатылган украиналык көмүскө рыноктун таржымалы
Жаңылыктар түрмөгү
0