Күн катуу ысыйт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсыкта бараткан кыз. Архивдик сүрөт
Ысыкта бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Жазылуу
Бишкекте абанын температурасы 40 градуска чейин ысыса, Ошто 41 градуска жетет.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Ага ылайык, келерки аптада көпчүлүк жерде күн катуу ысышы күтүлүүдө. Бишкекте абанын температурасы 40 градуска чейин ысыса, Ошто 41 градуска жетет.

Чүй, Талас облустары

17-июлдан 23-июлга чейин эки облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт. Чүйдө күндүн табы 40 градуска чейин ысыса, Таласта күндүз 32…34 градусту көрсөтүшү ыктымал.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Түштүк аймакта келерки жумада аптаптуу ысык күтүлүүдө. Жаан-чачын болбойт, абанын температурасы түнкүсүн 20...25 градус ысыса, күндүз 41 градуска жетиши ыктымал.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Эки облуста дагы келе жаткан жума ичи ысык болору божомолдонду. Күндүз 19-июлда өткүн өтүшү ыктымал. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 26...31 градуска чейин ысып, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал.
Бөлмөдөгү көндиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Ысыкта бөлмөдөгү кондиционердин температурасы кандай болушу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0