Ошто "Биринчи турак жай" кооперативинин жетекчиси кармалды

© AFP / Andreas Arnold / POOL Кишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Жазылуу
Азыркы тапта зыяндын көлөмү 18 миллион 188 миң 260 сом деп бааланууда.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ошто "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес кооперативинин жетекчиси И.Б. кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / Пресс-служба УВД ОшаЗадержание председателя некоммерческого кооператива "Первый жилищный"
Задержание председателя некоммерческого кооператива Первый жилищный - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Билдирүүгө ылайык, Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан аталган кооперативдин жетекчилигине карата алдамчылык, акча каражатын өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алуу жана коротуу фактысы иликтенип жатат.
Бул кооперативге карата өлкөнүн ар кайсы аймактарынан даттануулар түшүп, чара көрүүнү суранышкан. Азыркы тапта элге 18 миллион 188 миң 260 сом зыян келтиргени аныкталган.
Мындан улам 16-июлда "Биринчи турак жай" кооперативинин башкаруучулугунун төрагасы И.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ош милициясы бул кооперативден жабыркагандар болсо шаардагы Эргеш Алиев көчөсү, 128 дарегине келип, Тергөө кызматына же (03222) 7-14-39, (0772) 33-33-13, 102 номерлери аркылуу кайрылууга чакырды.
Абактын эшигин жаап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
"Ихсан" кооперативинин башчысы №1 тергөө абагына киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0