Кардиолог: депрессия өлүмгө чейин алып барат

© Фото / Pexels / Ryan AryaКүзгүнүн алдында турган аял. Архивдик сүрөт
Күзгүнүн алдында турган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Жазылуу
Дарыгер депрессиядан оолак болуу үчүн жашоонун сапатын жогорулатуунун жолдорун издөө керектигин айтты.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Депрессия жүрөктүн булчуңдарынын оорушуна, инфарктка, бронхиалдык артерия оорусуна жана башка өлүмгө алып келген илдеттерге тушуктурат. Бул тууралуу "Известия" кардиолог, жүрөк-кан тамыр хирургу Владимир Хорошевге таянып жазды.

"Депрессия өлүмдүн бирден-бир себеби болуп саналат. Мындай абалда дофамин, окситоцин өңдүү гормондор азаят. Депрессия өрчүгөндө адам тынчсыздана берет", — деген Хорошев.

Анын кесепетинен майда тамырлар карышып, ткандарга жана бардык органдарга кычкылтектин жетиши кыйындайт. Акыры жүрөккө жана мээге байланыштуу ооруларга жеткирет.
"Бул деменциянын, Альцгеймер оорусунун жана борбордук нерв системасынын илдеттеринин өрчүшүнө алып келет. Мындан тышкары, кант диабетине да кептейт", — деген дарыгер.
Дарыгер депрессиядан оолак болуу үчүн жашоонун сапатын жогорулатуунун жолдорун издөө керектигин айтты.
Кыздын күзгүдөгү чагылышы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Медик: адамдын кайсы жери ооруганын эриндеринен билсе болот
Жаңылыктар түрмөгү
0