АКШда өткөн Дүйнөлүк оюндарда Икбол Фозилжанов коло байге алды. Сүрөт

© Фото / Департамент физической культуры и спортаДүйнөлүк оюндар — 2022 турниринде кыргызстандык Икбол Фозилжанов коло байгеге ээ болду
Дүйнөлүк оюндар — 2022 турниринде кыргызстандык Икбол Фозилжанов коло байгеге ээ болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Жазылуу
Дүйнөлүк оюндар — Олимпиада оюндарынын программасына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдеш.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк оюндар — 2022 турниринде кыргызстандык Икбол Фозилжанов коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
© Фото / Департамент физической культуры и спортаВсемирные игры — 2022 в Бирмингеме
Всемирные игры — 2022 в Бирмингеме - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Аталган мелдеш 7-17-июль күндөрү АКШнын Алабама штатынын Бирмингем шаарында өткөн.
Фозилжонов кикбоксинг боюнча 63,5 салмак категориясында беттешип, 3-орунду ээлеген.
Дүйнөлүк оюндар — Олимпиада оюндарынын программасына кирбеген спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдеш. 1981-жылдан бери төрт жылда бир өтүп келет.
Мындан сырткары, паражиу-житсучулар арасында өткөн биринчи демонстративдүү иш-чарага Кыргызстандан Азат Бакиров катышканы белгиленди.
Буга чейин ушул эле турнирден Абдурахман Муртазалиев спорттун жиу-житсу түрүнөн 85 килограмм салмак чен бирдигинде кармашып экинчи орунду алган.
Кыргызский нокаутер стал чемпионом крупной кулачной лиги Hardcore FC — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Зал дуу түштү! Самат Абдырахманов атаандашын нокаут менен утуп чемпион болду
Жаңылыктар түрмөгү
0