Бек Исраилов "Славян базары" эл аралык фестивалында 3-орунду ээледи. Видео

Жазылуу
Эл аралык деңгээлдеги музыкалык фестиваль 18-июлга караган түнү Витебск шаарында (Беларусь) болгон.
Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов "Славян базары" эл аралык фестивалда 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, эл аралык деңгээлдеги музыкалык фестиваль Витебск шаарында (Беларусь) болгон. Лариса Долина, Вреж Кирокосян, Руслан Алехно, Микаэла Роуз (Арабеск тобунун солисти), Леонид Пташка, Марио Стефано Пьетродарчи жана Яна Клавина иш-чаранын калыстар тобунун мүчөлөрү болгон.
"Славян базары" — 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык фестиваль. Бул Беларусь, Россия жана Украинанын жалпы маданий иш-чарасы катары иштелип чыгып, мыкты таланттардын ордосуна айланган. Бек Исраилов — Кыргызстандагы жаш ырчылардын бири, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын бүтүрүүчүсү.
Жаңылыктар түрмөгү
0