Песков: Россия кандай болгон күндө да G20 саммитине катышат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүG20 саммити. Архив
G20 саммити. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2022
Жазылуу
Маалымат катчы тигил же бул же эки тараптуу жолугушуулардын программасы иштелип чыга электигин айтты.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россия кандай болгон күндө да, тигил же бул форматта болбосун G20 саммитине катышат. Азырынча эки тараптуу жолугушуулардын графиги түзүлө элек. Мындай маалыматты РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жыйырмалык" боюнча жакшы билесиңер да, "жыйырмалыктын" форматында да... негизи эле россиялык тарап толугу менен саммиттин даярдыгына катышууну улантарыбызды айтканбыз. Саммитке чакыруу алганбыз, ага кандайдыр бир таризде катышуунун орундуулугу жөнүндө мындан ары чечимдер кабыл алынат. Негизи кандай болгон күндө да барып, катышабыз. Ал эми тигил же бул же эки тараптуу жолугушуулардын программасы иштелип чыга элек", — деди Песков азыркы талапкер Элизабет Трасс Улуу Британиянын премьер-министри болуп калса Москва G20 жыйынында аны менен жолугууга даярбы деген суроого жооп берип жатып.
Маалымат катчы Улуу Британиянын өкмөт башчылыгына талапкерлердин баарында эле дипломатиялык сабырдуулук боюнча мактана турган эч нерсеси жоктугун белгилеген.
"Эми бул өздөрүнүн көйгөйү. Албетте, алардын айтып, дегендерин, билдирүүлөрүн тыкыр карап турабыз", — деп кошумчалаган Песков.
РФ лидери Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Путиндин Индонезияда өтө турган G20 саммитине катышары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0