Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акеров: Борбор Азия президенттери негизинен коопсуздук маселесин талкуулашат

© Sputnik / Асылбек БактыбековСаясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров
Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров Борбор Азия президенттеринин Чолпон-Атадагы жолугушуусунун башкы себеби аймактагы туруктуулукту камсыздоого багытталат деген пикирин билдирди.
20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбор Азия президенттеринин жыйынында негизинен коопсуздук маселеси талкууланат. Мындай пикири менен Табылды Акеров Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде бөлүштү.
Акеров: Борбор Азия президенттери негизинен коопсуздук маселесин талкуулашат
Анын айтымында, аталган жыйында өлкөнүн Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу маселесин өзүнө пайдалуу багытта чечип алуу мүмкүнчүлүгү бар.
"Борбор Азия президенттеринин жолугушуусунда Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун биздин өлкө өзүнө оң келчү тарапка чечип алуу мүмкүнчүлүгү бар. Негизинен коопсуздук маселеси, андан сырткары аймактын экономикасын туруктуу өнүктүрүү талкууланарын эске алсак, бул долбоор тууралуу сүйлөшүүлөр сөзсүз жүрүшү шарт. Ошентсе да негизги басым дүйнөлүк абалды эске алуу менен аймактын ички коопсуздугун бекемдөө, соңку жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын, Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелери боюнча жаралып жаткан абалды жумшартууга коюлушу мүмкүн", — деди Акеров.
Ал жыйындын статусу консультативдик экенин эске алганда, кандайдыр бир ири чечимдерди күтпөй эле койгон туура болорун кошумчалады.
20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт. Жолугушууга президент Садыр Жапаровдон сырткары Казакстан башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан жетекчиси Эмомали Рахмон, Түркмөнстан менен Өзбекстан президенттери Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёевдин катышары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0