Иманов: Калкты тейлөө борборундагы кезек күтүү көйгөйүн бир жылда чечебиз

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКалкты тейлөө борборундагы кишилер. Архив
Калкты тейлөө борборундагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Журналист учурда эл бир документ алуу үчүн бир күн кечке кезек күтүп отурганына нааразы экенин айткан.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү көйгөйүн 2023-жылдын жай айына чейин чечебиз. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов маалымат жыйында билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы учурда эл бир документ алуу үчүн бир күн кечке кезек күтүп отурганына нааразы экенин белгилеген.
Министрдин айтымында, бул багытта атайын платформалар иштелип жатат. Калкты тейлөө борборлорунан 30 чакырым алыста жайгашкан айыл өкмөттөрдө тейлөө кызматтары ачылган. Андан сырткары, мобилдик тиркеме аркылуу алдын ала кезекке туруу системасы киргизилди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовПресс-конференция кабинета министров по итогам 6 месяцев 2022 года
Пресс-конференция кабинета министров по итогам 6 месяцев 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
"Биз жасаган долбоорлорду элибиз, журналисттер, жарандык активисттер колдоп турса жакшы болмок. Президент бизге бир жылдын ичинде маселени чечүү тапшырмасын койгон. Демек, Калкты тейлөө борборунда кезек күтүү көйгөйүн 2023-жылдын жай айына чейин чечебиз", — деди Иманов.
Белгилей кетсек, санариптик өнүктүрүү министри ЖМК өкүлдөрүнө алты айда жасаган иштери тууралуу маалымат берип жатат.
Коопсуз шаар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Эреже бузган айдоочулар "Коопсуз шаар" боюнча 2.5 млрд. сомдук айып төлөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0