Казакстандык машыктыруучунун өлүмү: айдоочу эки айга абакка киргизилди

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Мурдараак милиция рулду башкарып бара жаткан адамдын ичип алганы аныкталды деген маалымат берген.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Казакстандык 58 жаштагы жаранды койдуруп кетти деп шектелип жаткан Lexus RX 330 автоунаасынын айдоочусу тергөө абагына эки айга киргизилди. Бул тууралуу облустук соттон кабарлады.
Чечимди Ысык-Көл облустук соту 17-июлда кабыл алган.
Жол кырсык 16-июлда Ысык-Көл облусундагы Комсомол айылында болгон. Жеңил атлетика боюнча 58 жаштагы машыктыруучу Мурат Жузгенбаев аны башка автокөлүк менен кагышкан Lexus келип коюп кеткенде ошол жерден жан берген.
Милициядан медиктер текшере келгенде автокырсык учурунда Lexus автоунаасынын айдоочусунун ичип алганы аныкталганын билдирген.
Патрулдук автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Ысык-Көлдө мас киши эки патрулдук машинаны коюп кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0