Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында бир алтын, бир коло медаль тагынды

Дзюдочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Учурда Бангкок шаарында кадеттер жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында эки медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Учурда Бангкок шаарында (Таиланд) кадеттер жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.
"Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама команданын мүчөсү, 90 килограмм салмактагы балбан Эмирхан Жолдошказиев алтын медаль, ал эми 73 килограмм салмак категориясында кармашкан Нурмухаммед Бакирдинов коло медаль жеңди", — деп айтылат маалыматта.
Чемпионаттын алкагында Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Азия жана Океания чөлкөмүндө дзюдо спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын медаль менен сыйланды.
Жит-житсучу, Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер болгон Абдурахман Муртазалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Жиу-житсучу Муртазалиев АКШдагы Дүйнөлүк оюндардан күмүш медалга ээ болду
Жаңылыктар түрмөгү
0