Кыргызстандык мугалимдер тажрыйба алуу үчүн Москвага барышат

© AFP / LOIC VENANCEСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Тандоодон өткөндөрдү уюштуруучу тарап жол кире, жатакана жана стажировкадан өтүү мезгилиндеги стипендия менен камсыз кылат.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда орус тили жана адабиятын окуткан мугалимдер Москвада илимий стажировкадан өтө алышат. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" уюму билдирди.
Горчаков атындагы фонд, Пушкиндин ысымын алып жүргөн, орус тили боюнча мамлекеттик институт жана Россотрудничество агенттиги уюштуруп жаткан программага катышууну каалагандар 28-августка чейин арызын тапшыра алат.
Катышуучулар орус окумуштууларынын филология тармагындагы эң олуттуу жана келечектүү жетишкендиктери менен таанышат. Университеттерде, аналитикалык борборлордо, эксперттик сессияларга катышып, Пушкин атындагы окуу жайдын окумуштууларынын жетекчилиги менен иш алып барышат.
Катышууну каалагандар Россиянын аймагында жашабаганын жана Кыргызстандын жараны экенин далилдеши зарыл. Тандоодон өткөндөрдү уюштуруучу тарап жол кире, жатакана жана стажировкадан өтүү мезгилинде стипендия менен камсыз кылат.
Катышуу эрежелери тууралуу кененирээк маалыматты Горчаков атындагы фонддун сайтынан алуу болот.
Камчатка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Кыргызстандыктар Камчаткага илимий экспедицияга чакырылды. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0