Азербайжан Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйынына конок катары келүү ниетинде

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАзербайжандын желеги. Архив
Азербайжандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Жазылуу
Азербайжан тарап Чолпон-Атадагы өткөн саммитке конок катары катышууну каалаган.
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Азербайжан бийлиги Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууну эки ирет өтүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы жыйын учурунда айтты.
Ал Азербайжандын келерки отурумга ардактуу конок катары катышуу туурасындагы суранычын кабарлаган.
"Алар бүгүнкү жолугушууга да катышууга каалоосун билдиришкен. Бирок алдын ала жүргүзүлгөн консультациялар азырынча консенсус жок экендигин көрсөттү. Урматтуу кесиптештер, андыктан эгерде каршылык жок болсо бул маселени карап чыгып, бизге дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат берүүнү министрге тапшыралы", — деди Жапаров.
Анын сунушуна президенттердин эч кимиси каршы чыккан жок.
Президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
"Урматтуу аксакалга ийгилик каалайм". Жапаров саммит төрагалыгын Рахмонго өткөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0