Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан ынак коңшулук, кызматташтык келишимине кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Жазылуу
Тажикстан менен Түркмөнстан башчылары келишимге өз өлкөлөрүнүн ичиндеги процедуралары бүткөндөн соң кол коюшарын айтышкан.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Чолпон-Атадагы саммитте XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кол койду.
Ал эми калган эки мамлекет буга катышкан эмес.
Тажикстан менен Түркмөнстан башчылары келишимге өз өлкөлөрүнүн ичиндеги процедуралары бүткөндөн соң кол коюшарын айтышкан. Бул түшүндүрмөнү КРдин президентинин маалымат кызматынан билдирди.
Документке кол коюлар алдында президент Садыр Жапаров бул маанилүү документ региондогу өлкөлөрүнүн жакындоосуна өбөлгө болорун айтты. Ошону менен бирге учурдун коркунучтары менен чакырыктарына туруштук берүү үчүн күч-аракеттерди консолидациялоого оң таасир этерине үмүт артты.
"Бул тарыхый учур жана бул келишим Борбор Азиянын жалпы мейкиндигинин гүлдөп өнүгүүсүнө бекем негиз болуп берет деп ишенем", — деди Жапаров.
Борбордук Азия мамлекеттеринин башчылары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Садыр Жапаров коңшу мамлекеттердин тартипти орнотуу саясатын колдоорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0