Сириялык экономист: Батыш санкциялары миллиондогон адамдарды ачарчылыкка кептөөдө

© Sputnik / Наталья Селиверстова"Москва Сити" бизнес борбору. Архив
Москва Сити бизнес борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2022
Жазылуу
БУУ эгиндин жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын бир эмес, бир нече ирет айткан. Батыш Россияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет.
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. РФтин азык-түлүгүн экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу жана Украинанын дан эгиндерин чыгарууга Россиянын жардам көрсөтүүсү боюнча документ Стамбулда кол коюлгандан кийин Батыштын антироссиялык санкциялары дагы жокко чыгарылышы керек. Бул тууралуу сириялык экономист жана эл аралык мамилелер боюнча серепчи Зульфяр Аббудга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Эске салсак, кечээ Россия, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү аталган документке Стамбул шаарында кол коюшкан.
"Стамбул, БУУ, Түркия жана Украина тарабынан кол коюлган келишим убактылуу болгонуна карабай эң сонун чечим болду. Эми Батыш көргөн экономикалык бир тараптуу чараларды жокко чыгаруу керек. Анткени Батыш өлкөлөрүнүн аракеттери эл аралык азык-түлүк менен камсыздоо тутумун бузуп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды ачарчылыкка кептегени турат", — деди Аббуд.
БУУ эгиндин жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын бир эмес, бир нече ирет айткан. Батыш Россияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.
Гуманитардык жардамга кезекте турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
БУУ дүйнөнү ачарчылык капташы мүмкүн экенин эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0