Улуттук банк митингге чыккан жарандардын дооматына жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банк. Архив
Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2022
Жазылуу
Митингге чыккандар коммерциялык банктар алардын үйлөрүн алып койгонун айтып, башкы банкка доомат койгон.
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. — Улуттук банк финансылык кызматтарды пайдалангандардын укугун коргоого багытталган иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-июлда, Улуттук банктын имаратынын алдында митинг өткөн. 20 чамалуу адам коммерциялык банктар алардын үйлөрүн алып койгонун айтып, "башкы банк мындай иштерди жакшы көзөмөлдөбөй жатат" деп нааразы болушкан.
Улуттук банк күн сайын жарандарды кабыл алып, кайрылууларын карап, консультациялык жардам берерин белгиледи. Деген менен мыйзам боюнча кредит берген жана алган адамдын ортосунда түзүлгөн келишимге кийлигише албай турганын билдирди. Мындай маселе тараптардын өз ара бир мунасага келүүсү же сот аркылуу чечилерин маалымдады.
"Жарандардын көпчүлүк кайрылуулары соттук актыларга байланыштуу, анын ичинде күчүнө кирген чечимдер да бар. Мындай жагдайларды Улуттук банк карай албайт, себеби сот иштерине кийлигишүүгө укугубуз жок жана чечимдерин жокко чыгара албайбыз", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк кайрылуулардын негизинде банктарды кредит берүүдөгү мыйзамдуулук сакталышы боюнча текшере ала турганын белгиледи. Ошол учурда гана, мыйзам бузуу аныкталса чара колдонот.
Эл турак жай кооперативдеринен акчасын кантип өндүрүп алат? ИИМдин жообу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2022
Эл турак жай кооперативдеринен акчасын кантип өндүрүп алат? ИИМдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0