Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүБассейндеги кыз. Архив
Бассейндеги кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Жазылуу
Аптаптуу ысык болуп жаткан күндүн табы жума аягына барып бир аз түшөрү айтылды.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Бишкек шаарында жуманын аягына чейин күн чайыттай ачык болуп, жамгыр жаабайт.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй облусу
25-26-июлда күн ачык болот, ал эми 27-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
28-июлда дагы күн чайыттай ачылат, 29-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 30-июль күнү айрым жерлерде өткүн өтөт.
Талас облусунда дагы аптанын соңуна чейин күн ачык болот.
Ош облусунда 25-28-июлда күн ачык турат, ошондой эле 29-июлда тоолуу райондордо өткүн өтөт, деген менен дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
30-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, басылат.
Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25-29-июль күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 30-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, өрөөндөрдө жамгыр жаабайт.
Ысык-Көл облусунда 25-июлда айрым жерлерде өткүн өтөт. 26-июлда күндүн көзү бузулбайт, ал эми 27-июлда кээ бир жерлерде өткүн өтөрү айтылды.
28-июлда кайра күн ачылат, 30-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт.
Нарын облусунда 25-28-июлда жаан-чачын болбойт. 29-июлда айрым жерлерде өткүн өтүп, 30-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ысык-Колдогу пристандагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Августта күн катуу ысыйбы? Бир айга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0