Кыргызстанда универсалдар менен минивэндер канча турат? Базардагы баа

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын базарда унаалардын баасы кандай болуп жатканын айтып берет. Бул ирет биз соңку айда универсалдар менен минивэндердин баасы кандай өзгөргөнүн билип көрдүк.
Бааларды autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы маалыматтарга (баалар дээрлик айырмаланбайт) карап салыштырдык. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн бардык үлгүдөгү машиналардын орточо наркы жана эң көп суроо-талаптагы чыгарылган жылы көрсөтүлдү.
Эң көп сатылган унаалар:
Honda Odyssey;
Subaru Outback;
Toyota Ipsum;
Honda Stepwgn;
Honda Stream;
Toyota Caldina;
Volkswagen Passat B5;
Mercedes W203, C класс;
Audi A6;
Suzuki Liana.
Инфографикада сатуучулар сурап жаткан орточо баа көрсөтүлгөн. Демек, бул сооданын акыркысы дегенди түшүндүрбөйт.
Көпчүлүк автоунаалардын баасы доллар менен эсептегенде кымбаттады. Биринчи анализ 17-июнь күнү жасалган. Анда доллар Улуттук банктын курсу боюнча 80,5 сомдон сатылып жаткан. Акыркы анализ 22-июлда жасалды. Анда доллар 79,7ге түшкөн.
Машиналардын көпчүлүк бөлүгү, айрыкча, Honda Odyssey, Honda Stream, Volkswagen Passat B5 кымбаттады. Баалар орто эсеп менен 200-800 долларга өстү.
Кээ бир автоунаалар, тескерисинче, арзандады, мисалга Audi A6 жана Toyota Caldina көлүгүн айтса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0