Криптовалютага инвестиция салуу тобокелдиги. Улуттук банктын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБиткоин сувенирдик тыйыны. Архив
Биткоин сувенирдик тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Жазылуу
Башкы банктын үн катуусуна ЖМКларда криптовалюталар жана виртуалдык активдер боюнча көбүртүп-жабыртылган маалыматтардын таратылышы тобокелдикке себеп болгон.
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Улуттук банк криптовалютага инвестиция салуу тобокелдигин тизмектеп чыкты.
Буга массалык маалымат каражаттарында криптовалюталар жана виртуалдык активдердин аркасы менен байып кетүү боюнча маалыматтын таралышы себеп болгон.
Тобокелдиктер:
материалдык кепилдиктин жоктугу. Анткени, эреже боюнча, криптовалюталар/виртуалдык активдер үчүн эч ким жоопкерчилик тартпайт;
криптовалюталардын/виртуалдык активдердин реалдуу наркынын жоктугу. Алар көбүнчө кандайдыр бир валютага же башка активге байланган. Демек, алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгүнөн улам наркын жоготуп алуу тобокелдиги өтө жогору.
"Криптовалюталар/виртуалдык активдер менен эсептешүүдөгү тобокелдиктер көзөмөл органдарынын жоктугу менен түшүндүрүлөт", — деп айтылат бидирүүдө.
Андыктан Улуттук банк аларга инвестициялоодо өтө сак болууга чакырат.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Банктар менен акча алмаштыруучу жайлардын ортосуна доллар боюнча чектөө коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0