Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ирандын Shahed дрондору абада америкалык HIMARS менен кез келиши мүмкүн

© AFP / ATTA KENARE Ирандын учкучсуз учугу Shahed 129. Архив
 Ирандын учкучсуз учугу Shahed 129. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Жазылуу
Россия атайын операциянын жүрүшүндө эч кымырылып-кысылбастан тилектеш өлкөлөрдүн курал-жарагын, чалгын маалыматтарын колдоно алат дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Украинада америкалык курал-жаракты Ирандын учкучсуз учактары менен жок кылуу технологиялык жактан толук мүмкүн, максатка ылайык жана геосаясий жактан туура болуп саналат.
Россияга Ирандан чыккан учкучсуз аппараттардын жеткирилиши тууралуу жазган чет элдик басылмалар боло турчу көрүнүштү талдап беришкен. Дрондордун бир партиясынын келгени тууралуу маалымдаган бир нече ЖМК анын Shahed-129 экенин көрсөтүп, Астрахань жана Волгоград аркылуу келгенин да айтып беришти. Дагы бир маалымат боюнча, аппараттар Ирандын Qeshm Fars Air авиакомпаниясынын Boeing 747-300 борту менен келген. 24-июлда дал ушул компания Москвага каттаган.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан россиялык өкүлдөр июнь айында Ирандын Кашан аэродромуна эки ирет келип, сокку уруучу Shahed-191 жана Shahed-129 учкучсуз учактарын көрүп кеткенин, бул Россиянын аппараттарды алуу ниети бар экенин тастыктаарын айткан. АКШнын чалгын кызматы Иран Россияга аталган дрондорду жүздөп жеткире аларын билдирген болчу.
Албетте, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабас, ошентсе да Россия президенти Владимир Путин 19-июлда Тегеранга болгон сапарынын алкагында Иран бийлиги менен дрондорду алуу боюнча сүйлөшкөн эмес (бул өлкө башчынын жардамчысы Юрий Ушаковдун расмий маалыматы).
Иран ТИМинин өкүлү Нассер Канаани журналисттердин дрон боюнча берген суроолоруна Иран менен Россиянын ортосундагы кызматташуу атайын операцияга чейин эле башталганын, "акыркы убакта кандайдыр бир конкреттүү окуя болбогонун" айтып жооп берди.
Ирандын кургактагы аскер күчтөрүнүн командачысы генерал Киомарс Хейдари 22-июлда Тегеран тилектеш мамлекеттерге учкучсуз аппараттарды экспорттоого даяр экенин жар салган.
Ошентип Москва менен Тегеран дрондордун жеткирилиши тууралуу маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Азыркыдай кырдаалда Россия менен Иран актанып, жагынууга милдеттүү эмес.
Америкалык HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы HIMARS — АКШнын Россия менен согушуна карай ташталган кадам

Ирандын "Шахидинин" өзгөчөлүгү

Батыштын 40 жылдан бери уланып келе жаткан санкцияларына карабай Иран коргонуу өнөр жайын күчтөнтүп, авиакурулушун өркүндөтүп, учкучсуз аивацияда болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти.
Чалгын жүргүзүп, сокку да ура турчу учкучсуз учактары менен дрон-камикадзелери Сирия менен Иракта миңдеген ирет абага көтөрүлдү. Бүтүндөй "эскадрилья" менен жасалуучу оор соккунун технологиясы менен тактикасы иштелип чыккан. Иран аппараттарынын сегиз тобуна Африка менен Түштүк Американын рыногунда суроо-талап өсүүдө. Айрым өлкөлөр даяр техника сатып алса, кээси аны жасап чыгуу үчүн лицензияга ээ болуп жатат: Тажикстан Ababil-4тү чогултууда, ал эми Венесуэла Mohajer-6 дрондорун өндүрөрү маалым.
Military Watch Magazine басылмасы "Ирандын көзгө көрүнбөгөн учкучсуз аппараттары жакын арада Украина үчүн эң эле жагымсыз кабарга айланышы мүмкүн" экенин жазды. Батышта Россия өзөгүн Израилдин Hermes 450 жана Американын MQ-1 Predator аппараттарынын технологиясы түзөт делген оор сокку уруучу Shahed-129 дронуна басым жасайт деп эсептегендер арбын.
Кандай болгон күндө да Иран Shahed-129ду жыйырма жылдан бери өндүрүп келет, ал эми 2019-жылы анын базасында Аскер-аба күчтөрү үчүн интеллектуалдык бомба менен алыскы аралыктан бир учурда эле төрт бутага тие турган Simorgh учкучсуз учагы жасалган.
Сокку уруучу "Шахиддин" (Shahed-129) фюзеляжынын узундугу — 8 метр, канаты — 16 метр. 400 килограммга чейин жүк көтөрүп, саатына 150 чакырым учуп, абада 24 саатка чейин жүрө алат. Радиусу 1 700 чакырымга чейинки аппарат танкага каршы төрт Sadid-1 ракетасын же Sadid-345 бомбаларын алып жүрүүгө жөндөмдүү. Канатына стационардык жана жылып жүргөн бутаны жок кылуу үчүн тез атылуучу сегиз түзүлүштү орнотууга болот.
Shahed-129дун тактикалык жана техникалык мүмкүнчүлүгү Украинадагы атайын операцияда чалгындоо жана сокку уруу тапшырмаларын азыркыдан да майнаптуу аткарууга жол ачат. Буга чейин россиялык өндүрүштөн чыккан "Иноходец" ("Ореон") жана түркиялык Bayraktar-TB2 колдонулуп келген.
"Иноходец" мыкты деген дүйнөлүк техника менен атаандаша алат, арсеналында "аба — үстүңкү катмар" жана "аба — аба" ракеталары бар. Бирок аталган техниканы чыгарган "Кронштадт" ишканасы жылына ондогон гана машина өндүрө алат. Атайын операцияга жүздөп керектелсечи? Анын үстүнө учкучсуз аппараттар согуштук кырдаалда бир нече апта гана жашай алат эмеспи.
Батыш өлкөлөрү Украина Куралдуу күчтөрүнө учкучсуз аппараттардын ордун толтуруу үчүн куралдын ондогон түрүн жеткирүүдө. Россия ага каршы тилектеш мамлекеттердин курал-жарак, техникасын колдоно алат.
Ирандын сокку урган учкучсуз аппараттарынын массалык түрдө пайдаланылышы россиялык армиянын жана Донбасс республикаларынын Элдик милициясынын чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтмекчи. Бул технологиялык жактан жасоого толук мүмкүн болчу нерсе, геосаясий жактан көп уюлдуу дүйнөнүн АКШ менен НАТОдон алган нукую деп түшүнүү керек.
Украина асманын көзөмөлдөп жаткан Shahed-129 "колго кармалбаган" HIMARS тутумун жок кылып, Россия Куралдуу күчтөрүнүн жеңишин тездетүүгө жардамчы болот.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Модернизацияланган россиялык дрон-камикадзе “Ланцет”. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
“Ланцет” менен “Ласточка” Украинаны демилитаризациялоону тездетет
Жаңылыктар түрмөгү
0