Бишкек менен Чолпон-Атада "Оймо" фестивалы өтөт. Программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык "Оймо" фестивалы. Архив
Эл аралык Оймо фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Жазылуу
Белгилей кетсек, "Оймо" фестивалы Кыргызстанда 16-жолу өткөрүлүп жатат.
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында кол өнөрчүлөрдүн эл аралык "Оймо" фестивалы өтө турганын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Иш-чара Бишкекте 28-июлдан 31-июлга чейин Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүндө өтөт. Ал эми Чолпон-Атада 2-7-августта "Рух-Ордо" комплексине бурула турган жерге жакын жайгашкан сейил бакта уюштурулат.
Фестивалдын программасы:
креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча илимий конференция;
жаштардын эмгектерин көрсөтүү;
жаш ишкерлердин презентациялары;
Кыргызстан жана Борбор Азия мамлекеттеринин кол өнөрчүлөрүнүн катышуусу менен жарманке;
кол өнөрчүлөрдүн балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстары;
куурчактар көргөзмөсү.
Белгилей кетсек, "Оймо" фестивалы Кыргызстанда 16-жолу өткөрүлүп жатат.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, CACSARC-kg борбору, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши, "Кыял" улуттук бирикмеси, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларынын мэриялары, ЮНЕСКО, Кыргызпатент, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Сүймөнкул Чокморов атындагы № 92 кесиптик лицей, Креативдүү индустрия ассоциациясы, Кыргызстандын куурчак менен алектенген уюму.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Оймо" эл аралык фестивалынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр модасы аталышындагы фестивали - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2022
Өзгөчө образ, ай чырайлуу сулуулар. Дүйнөлүк көчмөндөр модасынан 16 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0