Бишкек мэриясы 11 маршруттук каттамды өз карамагына алды. Себеби

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМаршруткалар. Архив
Маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Жазылуу
Кийинчерээк кайра сынак жарыяланып, каттамдар башка менчик ишканага берилери айтылды.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкектеги 11 маршруттук каттам мэриянын карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти № 102, 129, 133, 139, 143, 150, 161, 176, 179, 200 жана 212 маршруттарын тейлеген "БАТП ЛИГА" ЖЧКсы менен келишимди токтоткон.
"Рейддердин биринде аталган фирманын жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясы жок экени аныкталган. Департамент ишкана жетекчисин чакыртып, лицензияны эмнеге узартпаганын сураган, бирок так жооп ала алган эмес. Мындан улам келишим токтотулган", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия маршруттарды карамагына алган. Бирок кийинчерээк сынак жарыяланып, менчик ишканаларга берилерин кошумчалады.
Милициянын кайгуул кызматы Батыш автобекетиндеги рейд учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Бишкектеги автобекетте рейд болуп, айдоочуларга 135 миң сом айып салынды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0