Өлкөдө электр энергиясын керектөө боюнча жайкы рекорд кайрадан жаңыланды

© AP Photo / Tariq Mikkel khanЭлектр узарткыч. Архив
Электр узарткыч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Жазылуу
Себеби жөнөкөй — ысыкта калк кондиционерлерди иштетип жатат.
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанда суткасына электр энергиясын керектөө боюнча рекорд кайрадан жаңыланды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы көрсөткүч кечээ 35,3 миллион киловатт-саатка жетти.
Буга чейинки жайкы рекорддор:
2022-жылдын 18-июлунда — 34 миллион киловатт-саат;
2021-жылдын 7-июлунда — 32,7 миллион киловатт-саат;
2017-жылдын 8-июлунда – 27,2 миллион киловатт-саат;
2012-жылдын 11-июлунда — 21,9 миллион киловатт-саат.
Компаниядан айткандай, бул нерсе жайкысын калктын массалык түрдө кондиционерлерди колдонушу менен мүнөздөлөт.
Энергетиктер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда.
Быйыл көмүр, электр тогу тартыш болбойт. Энергетика министринин убадасы видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Быйыл көмүр, электр тогу тартыш болбойт. Энергетика министринин убадасы видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0