Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шаршенов: онлайн бизнес менен алектенем дегендер ишин кредит менен баштабашы керек

© Sputnik / Асель СыдыковаИшкер Чубак Шаршенов
Ишкер Чубак Шаршенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Жазылуу
Ишкер Чубак Шаршенов онлайн бизнес менен алектенем деген адам насыя менен ишин баштабашы керектигин айтты.
Кесибим боюнча юристмин, бирок кийин кесипти туура эмес тандап алганымды түшүндүм. Замандын талабына ылайык адистикти аркалоо үчүн изденип, онлайн бизнес тармагына 2021-жылы келип калдым. Ага чейин 20 жашымда кондитердик ишти да ачып көрдүм, бирок, тилекке каршы, чоң чыгашага кириптер болгом. Бул тууралуу Чубак Шаршенов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Шаршенов: онлайн бизнес менен алектенем дегендер ишин кредит менен баштабашы керек
Анын айтымында, дүйнө элинин 50 пайызы майда-барат буюмдардан тартып, эмеректерге чейин онлайн сайт аркылуу буюртма кылат.
"Пандемия учурунда онлайн бизнес кылгандардын кирешеси абдан жогорулады. Ошол учурда бул жаатта иштөө мүмкүнчүлүктөрүн берген маркетплейстерди карап, изилдеп баштадым. Алсак, КМШ аймагында Wildberries, дүйнө жүзү боюнча Amazon компаниясы электрондук соода рыногундагы ири платформа болуп эсептелет. 2021-жылы Amazon компаниясы Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнө өзүнүн сайтында түз катталып, аккаунт ачууга мүмкүндүк берди. Бул нерсе мага онлайн бизнес баштоого түрткү болду. А негизи мен ноутбугун көтөрүп алып, кофейняларда иштеп отурган адамдарды көрүп алардын жумушуна кызыкчумун. Көрсө, алар программист, онлайн бизнес менен алектенген адамдар экен. Андыктан бул тармакка кыялымдан улам келип калдым десем болот. Алгач 300 доллар менен ишти баштагам. Менин бул платформада иштөө ыкмам Flipping (алып-сатуу) стратегиясы деп аталат. Биз ошол платформадагы товарларды өзүбүздүн аккаунтка жайгаштырып (сатып албастан), ошол кампа жайгашкан аймактагы адамдардан буюртмасына жараша товарларды ортомчу болуп алып сатабыз. Бул ыкмада минималдуу акча менен кыска аралыкта жакшы киреше тапса болот. Мисалы, 500 доллар менен бизнес баштай турган болсоң, ай сайын 200 доллардан кошулуп, андан ары өсүп кете берет. Бирок ар бир ишкердин сатканына жараша киреше болорун эскертем. Менин тажрыйбамды айта турган болсом, артка кетип, товарлар сатылбай калган учурлар болгон, тынбаган аракеттин артында 5-6 айдан кийин киреше түшө баштаган. Онлайн бизнес өтө оңой, бат каражат алып келүүчү иштей сезилгени менен тобокелчиликтери бар. Андыктан электрондук соода менен алектенем деген адам кредит менен ишин баштабашы керек", — деди Шаршенов.
Ал учурда онлайн бизнеске аралашам деген адамдарды аккаунт ачуу, товар жеткирүүчүлөрдү табуу, товар сатуу стратегияларын үйрөтүп, ийгиликтүү окуучуларын көзөмөлдөп, бизнести алып кетүүгө жардам берип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0