30-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Павел БедняковЖамгыр учурунда көчөдө баратан аял. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө баратан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Жазылуу
29-31-июлда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Нарын өрөөнүнүн кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +25...+30 градус болот.
Бишкекте түндө, Ошто кечке маал, ал эми Чолпон-Атада күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош калаасында +32...+34, ал эми Чолпон Атада +26...+28 градуска жетет.
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Нөшөрлүү жаандан сел жүрүшү мүмкүн. Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0