Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Мүлк фондунун башчысы мамлекеттик ишканалардын таза кирешесин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров
Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Жазылуу
Жарым жылдык жыйынтык боюнча 21 ишкана кирешелүү, жетөө чыгашалуу деп табылса, тогузу бюджеттен каржыланат.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров Кыргызстандагы акционердик коомдор менен мамлекеттик ишканалар 2022-жылдын биринчи жарымында канча таза киреше көргөнүн айтып берди. Ал Sputnik агенттигинде өткөн брифингге катышты.
Кечээ күнү Мүлк фондунун коллегиясы өткөн алты айдын жыйынтыгын карап чыгып, жакшы жыйынтыкты байкаган.
"Эгер 2021-жылы акционердик коомдордун жалпы кирешеси 11 миллиард сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын алты айындагы жыйынтык 6,521 миллиардга жетти. Негизинен буларга финансылык-экономикалык ишмердүүлүктү активдүү жүргүзгөн 20 акционердик коом кирет. Алар "Кыргыз алтын", "Альфа-Телеком", "РСК Банк", "Айыл Банк", "Кыргызнефтегаз" жана башкалар", — деди Бакиров.
Анын айтымында, өткөн жылы мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 2 миллиард сомду, ал эми алты айдагысы 1,1 миллиардды түзгөн.
"Сөз "Кыргыз темир жолу", "Кыргызаэронавигация", "Мостоотряд" сыяктуу мамлекеттик ишканалар тууралуу болуп жатат. Бизде жалпы жонунан 95 ишкана бар. Жарым жылдык жыйынтык боюнча 21 ишкана кирешелүү, жетөө чыгашалуу деп табылса, тогузу бюджеттен каржыланат", — деди ал.
Россиянын Чек ара кызматынын аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Кыргызстан Россиянын Чек ара кызматына узак мөөнөткө жер тилкесин ижарага берет
Жаңылыктар түрмөгү
0