Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кожобергенов: пельмен сыяктуу даяр азыктарды саткан цехтен өлгөн малдын эти табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык ветеринардык башкармалыгынын орун басары Улугбек Кожогулов
Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгынын орун басары Улугбек Кожогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Жазылуу
Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгынын орун басары Улугбек Кожобергенов Экономика министрлигинин макулдугу менен III кварталда тамак-аш жасаган жана саткан 505 ишкана текшерилгенин маалымдады.
Пельмен, фрикадельки, котлет жана фарш сыяктуу даяр азыктарды жасаган цех өлгөн малдын этин колдонгону аныкталды. Бул тууралуу Улугбек Кожобергенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кожогулов: пельмен сыяктуу даяр азыктарды саткан цехтен өлгөн малдын эти табылды
Анын айтымында, ишкерликти текшерүүгө мораторий киргизилгенине байланыштуу көп жылдан бери пландуу текшерүүлөр жүрбөй келген.

"Ишкерликти текшерүүгө мораторий киргенден бери пландуу текшерүүлөр жүрбөй калганына байланыштуу айрым ишкерлер сапатсыз продукциядан тамак-аш жасап сатып келишкен. Мисалы, 18-июлда пельмен, фрикадельки, котлет жана фарш сыяктуу даяр азыктарды жасаган компанияны текшерүү боюнча кайрылуу түшкөн. Анын негизинде Экономика министрлигинен уруксат алып, 20-июлда аталган ишкана текшерилди. Муздаткычтагы эт азыктарынын коштоочу документтери жок болгонуна байланыштуу аны лабораторияга изилдөөгө жиберип, анын жыйынтыгы чыкканча цехтин иши бир күнгө токтотулган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, 21-июлда ал эт өлгөн малдыкы экени аныкталды. Мыйзамга ылайык, бул этти атайын жок кылуучу жайга алып кетүү зарыл. Бирок цехтин кожоюндары ал жыйынтыкка макул эместигин билдиргенине байланыштуу комиссия менен проба алынып, андан дагы эт өлгөн малдыкы экени аныкталды. Бирок ишкер ал этти алып кетүүгө каршылык көрсөтүп, аталган продукцияны жок кылууга тоскоолдук жаратууда. Учурда тийиштүү материалдар чогултулуп жатат. Иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет", — деди Кожобергенов.

Ветеринардык башкармалыктын орун басары аталган ишкана рынокто алтын жылдан бери иштеп келе жаткандыгын кошумчалады.
Ошондой эле ал аталган цехтин даяр азыктары текшерилип жатканын айтып, ага да сапатсыз эт колдонгон болсо, товар сатуудан алына турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0