Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдрахматова: жергиликтүү бийлик жарандардын көйгөйүн жеринен чечпей жатат

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова
Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Жазылуу
Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова аталган институттун регионалдык өкүлдөрүнө талаптар жогорулап, жарандарды онлайн кабыл алууну жолго салуу пландалып жатканын белгиледи.
Жергиликтүү бийлик жарандардын көйгөйүн жеринен чечпей жатат. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абдрахматова: жергиликтүү бийлик жарандардын көйгөйүн жеринен чечпей жатат
Анын айтымында, жарандар жеринен чечиле турган маселелер менен борбордук бийликке, анын ичинде Акыйкатчы институтуна кайрылууда.
"Буга чейин Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү көбүнчө абактагылардын укуктары менен байланышкан. Чынында аталган институт түйүлдүк болгондон тарта өлгөнгө чейин, ал тургай андан кийин да адамдын укугунун корголушун көзөмөлдөйт. Негизи жарандар укугу бузулса алгач мамлекеттик органдарга кайрылышы керек. Алар тийиштүү чара көрбөй же, тескерисинче, адамга каршы иш кылса, арызданса болот. Мисалы, бизге "уюмду уурдатып жибердим, көмөк кылгыла" деген сыяктуу маселелер менен келишет. Бул учурда сотко, прокуратурага же милицияга барышы керек. Көп жарандар жергиликтүү бийликке тиешелүү маселелерде бизге кайрылышат. Учурда президент аларга укуктарды берип, маселени жеринен чечкиле деп жатат. Бирок жеринен көйгөйдү чечпегендиктен, эл борбор калаага чейин убара болуп келип маселелерин айтышууда. Учурда Акыйкатчы институтунун регионалдык өкүлдөрүнө талаптар күчөтүлүүдө. Анткени ошол жактан борборго келип жатса, жеринен көмөк көрсөтпөй жатканын билдирет. Демек, алардын компетенттүүлүгүн карап чыгуу зарыл", — деди Абдрахматова.
Омбудсмен ошондой эле аймактарды кыдырып, жарандарды жеринен кабыл алып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0