Баланын психотроптук зат колдонуп жатканын кантип билсе болот? Белгилери

© AFP / LILLIAN SUWANRUMPHAТаблеткалар. Архив
Таблеткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Жазылуу
ИИМ кызматкери психоактивдүү зат колдонгон кишинин жүрүм-туруму кадимкидей өзгөрөрүн белгилеген.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Психотроптук зат колдонгон баланын көзү кызарып, теңселип басып, мүнөзү ачык балдар үңкүйүп түнт тартып, түнт балдар, тескерисинче, ачылып жайдары болуп калат. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу аналитикалык башкармалыгынын башчысы Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Ал психоактивдүү заттар адамдын организмине сөзсүз таасирин тийгизерин айтып, аны колдонгон кишинин жүрүм-туруму кадимкидей өзгөрөрүн белгилеген.
Шигаев эмнеге балдар баңгизат колдонууга кызыгып кетерин түшүндүргөн.
"Бул нерсеге баланын турмуш шарты, чөйрөсү таасир этет. Ошондой эле алардын ата-эне менен пикир келишпестиги да себеп болгон учурлар кездешет. Эгер ата-энеси баласынын психоактивдүү заттарды колдонуп жүргөнүн билип калса, өздөрү дарылаганга аракет кылбашы керек. Адистер гана тажрыйбасына жараша ар кандай факторлорду эске алып дарылашат", — деген ИИМ кызматкери.
Ал бул көйгөйдү жаштарга дары саткан фармацевттерди жоопко тартуу менен чечсе болорун кошумчалаган.
Балдар жана баңгизат темасы боюнча маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Бишкекте аскер кызматкеринин баңгизат менен кармоо учуру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Баңгизат менен кармалган аскер. УКМК жарыялаган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0