Кыргызстандын танкачылары "Танк биатлонуна" катышуу үчүн Россияга учуп кетти

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРТанк биатлону боюнча Кыргызстандын командасы. Архив
Танк биатлону боюнча Кыргызстандын командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Жазылуу
2021-жылы КР Куралдуу күчтөрүнүн командасы өз тобунда биринчи орунду алган.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бүгүн, 1-августта, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танкачылары "Танк биатлону – 2022" эл аралык таймашына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
"АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы мелдеш 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат.
Эске салсак, 2021-жылы КР Куралдуу күчтөрүнүн командасы Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетияны артта калтырып өз тобунда биринчи орунду алган.
Быйыл өлкөнүн танкачылары биринчи дивизиондо эң күчтүү деп эсептелген Россия, Кытай, Казакстан жана Азербайжандын командалары менен ат салышат.
Президент Садыр Жапаров бүгүн VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн Танк биатлону менен Десанттык взвод мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жапаров АрМИ-2021дин жеңүүчүлөрүн куттуктап, 2 млн. сомдой акча бөлдү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0