Карызын доолаган. Милиция Чолпон-Атадагы мушташ боюнча маалымат берди

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Жазылуу
Териштирүүдө таяк жеген жигит эч кандай доосу жок экенин билдирген.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун алдында эки адам мушташып жаткан окуя боюнча маалымат берди.
Белгилей кетсек, 28-июлда социалдык тармактарда таксисттердин мушташы тартылган видео тараган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган окуя 26-июлда саат 03.00дөр чамасында болуп, А.У. аттуу 29 жаштагы жергиликтүү тургундун Чүйдүн Аламүдүн районунда жашаган 21 жаштагы А.М. аттуу жигитке кол көтөргөнү аныкталган. Экөө тең Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинген.
"Алардын көрсөтмөсү боюнча, А.М. Бостери айылына эс алууга келип, ипподромдун жанындагы кафеде отурган. Болжол менен саат 03.00дө чыгып, мейманканасына баруу үчүн такси издеп жатып такси айдаган таанышы А.У. менен кезигип калган. Анан ал эки ай мурун алган 12 миң сом карызын доолаган. А.М. финансалык кыйынчылыктан улам азырынча бере албастыгын айткан. А.У. кымбат кафеде эс алып, бирок карызды төлөөгө келгенде эмне себептен мүмкүнчүлүгү жоктугун сураганда А.М. оозго алгыс сөздөр менен жооп берген", — деп айтылат маалыматта.
Буга кыжырланган А.У. кызуу кандуулук менен бир нече жолу уруп жиберген. Экөөнү жанында турган башка таксисттер ажыратып коюшкан.
Териштирүүдө таяк жеген жигит эч кандай доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы бул факт боюнча чечим кабыл алуу үчүн кошумча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.
Ысык-Көлдөгү эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Ысык-Көлдө дагы мушташ чыкты. Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0