4-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКишилер Бишкекте жамгыр жааган учурда. Архив
Кишилер Бишкекте жамгыр жааган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Жазылуу
3-4-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +24...+29 градус болот.
Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +35...+37, ал эми Чолпон Атада +23...+25 градуска жетет.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Августта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0