Депутат Бишкек мэрине шаарга жымжырттык режимин киргизүүнү сунуштады

© Sputnik / Эмиль СадыровКечки Бишкек. Архив
Кечки Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Жазылуу
Парламентарий мэрдин көңүлүн мыйзам бузууларга бурду.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте саат 23:00дөн 7:00гө чейин жымжырттык режимин киргизүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев киргизип, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдон тиешелүү токтомдун долбоорун иштеп чыгуусун өтүндү. Андан кийин маселе Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна коюлушу керек.
Эл өкүлүнүн мэрге жазган катында мындай документ буга чейин даярдалып, бирок кабыл алынбай калганы айтылат. Бекешев билдиргендей, ал долбоордо түнкүсүн курулуш иштерине тыюу салуу, музыкалык аппаратуранын ызы-чуусун токтотуу сыяктуу маселелер эске алынган эмес.
Депутат оюн-зоок жайларында үн өткөрбөй турган жабдуулар жоктугунан (мыйзамдарда мындай талап жок болгондуктан) айрым куруучулар түнү менен иштеп жатканын, үйлөрдө ремонт иштери жасалып же ызы-чуу менен коштолгон кечелер болуп жатканын айтты. Бекешевдин пикиринде бул учурда милиция эч нерсе кыла албайт.
Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Мамкурулуштун башчысы мыйзамсыз курулган үйлөрдү муктаждарга берүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0