Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Камчыбеков: Жетим-Тоону иштетүү үчүн бир катар көйгөйлөрдү чечүү керек

© Sputnik / Асель СыдыковаТоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Жазылуу
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков алты айда бюджетке тоо-кен тармагынан 25 миллиард сом түшкөнүн белгиледи.
Жетим-Тоодогу беш участок өзгөчө корголгон аймакта жайгашкан. Аны иштетүү үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Мындай пикирин Дүйшөнбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Камчыбеков: Жетим-Тоону иштетүү үчүн бир катар көйгөйлөрдү чечүү керек
Анын айтымында, аталган кенде союз учурунда алдын ала чалгындоо иштери жүргүзүлгөн.

"Тоо-кен тармагында иштеген ишканалардан бюджетке чоң каражат түшүүдө. Мисалы, 2019-жылы 19 миллиард сом, 2021-жылдын жыйынтыгы менен казынага 23 миллиард сом түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын алты айында бюджетке аталган тармактан түшкөн киреше 25 миллиард сомго жеткен. Жылдын соңуна чейин бул көрсөткүч 30 миллиард сомго жете турганы болжолдонууда. Башкача айтканда, тоо-кен тармагы учурда экономиканын локомотиви болууда. Азыркы тапта Жетим-Тоо кени боюнча талкуулар жүрүүдө. Союз учурунда 1983-жылдары ал жакта алдын ала чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Аталган темир кен жети участоктон турат. Эң чоңу Даңгы, андан тышкары, Айран-Суу, Туюк-Суу, Молдо-Башы, Телеке, анан Күрмөнтү деген участоктор бар. Узундугу 40 чакырым, туурасы беш чакырымга чейин жетет. 80-жылдары жүргүзүлгөн алдын ала чалгындоо иштерине ылайык, аталган кендеги темирдин кору 3,8 миллиард тонна. Темирдин магнетит жана гематит деген эки түрү бар. Учурда аларды темир катары бөлүп алуучу технологиялар да бар. Анан бул тармактагы адистер аталган кенди иштетиш керектигин айтууда. Ансыз экономикага салым болбойт, бирок коомчулуктагы каршылыктар дагы туура. Себеби алар дагы пайда-зыяндарын билиши шарт. Мисалы, аталган кендин аймагында жергиликтүү тургундар чарбалык иштерин жүргүзөт. Мындан тышкары, кенде жайгашкан эки участоктон башкасы өзгөчө корголгон аймакта жайгашкан. Ошондон улам аны иштетүүгө болбойт деген да пикирлер бар. Бул маселе боюнча адистер жергиликтүү элге, жалпы экономикага салымын эсептеп, ошондой эле экологиялык коркунучтардын алдын алуу менен иштетүү жолдорун табуу керек. Ал үчүн жакшы бизнес-план түзүлүп, бардык иштер ачык-айкын жүргүзүлүшү кажет. Мындан тышкары, өзгөчө корголгон аймактагы участокторду андан чыгаруу зарыл. Анткени аталган кенден 10 миллиарддан 100 миллиард долларга чейин пайда табууга болот. Бирок ал үчүн жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү шарт", — деди Камчыбеков.

Ошондой эле ал Жетим-Тоо кенин мамлекет өзү иштетсе болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0