Мигранттарга пайдалуу маалымат видео менен түшүндүрүлөт. Элчиликтин долбоору

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКезекте турган мигранттар. Архив
Кезекте турган мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Видеолор элчиликтин сайтына жана социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланып турмакчы.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги "Консул маалымдайт" долбоорун ишке киргизгенин кабарлады.
Билдиргеме караганда, долбоордун алкагында элчилик консулдук-укуктук маселелерди, мигранттарга керектүү маалыматтарды видео аркылуу түшүндүрүп берет.
Долбоордун максаты — мекендештерди кызыктырган актуалдуу суроолорго жооп берип, консулдук маселелерди түшүндүрүп берип туруу.
Мындай видеолор элчиликтин сайтына жана социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланып турмакчы.
Кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган алты бала алып келинди
Жаңылыктар түрмөгү
0