Баткенде күн салкындайбы? 14-августка чейинки аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен облусундагы Айдаркен шаары. Архив
Баткен облусундагы Айдаркен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Жума ичинде күндүн табы бирдей температурада сакталат.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Алдыдагы аптада Баткен облусунда абанын эң жогорку температурасы 37 градуска чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбүдө күн ачык болот, шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
Шаршембиде кээ бир аймактарда, бейшембиде тоолуу жерлерде өткүн өтөт.
Жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жамгыр жаабайт, асман ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Жалпысынан алганда жума ичинде күндүн табы бирдей температурада сакталат.
Ош облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Келе жаткан аптада Ошто аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0