Машина жолдон ыргып кеткен. Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын видеосу

© Sputnik / Юрий КузьминыхЫсык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды
Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып барып токтогон.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады, ошондой эле видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.
Кырсыкка Audi үлгүсүндөгү автоунаа кабылганы, ичинде беш киши болгону маалымдалды.
© Sputnik / Юрий Кузьминых

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды

© Sputnik / Юрий Кузьминых

Кырсыкка Audi үлгүсүндөгү автоунаа кабылганы, ичинде беш киши болгону маалымдалды

Кырсыкка Audi үлгүсүндөгү автоунаа кабылганы, ичинде беш киши болгону маалымдалды - Sputnik Кыргызстан
2/3

Кырсыкка Audi үлгүсүндөгү автоунаа кабылганы, ичинде беш киши болгону маалымдалды

© Sputnik / Юрий Кузьминых

Болжолдуу маалымат боюнча, бүгүн, 7-августта, эртең мененки саат алтыда катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып кеткен.

Болжолдуу маалымат боюнча, бүгүн, 7-августта, эртең мененки саат алтыда катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Болжолдуу маалымат боюнча, бүгүн, 7-августта, эртең мененки саат алтыда катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып кеткен.

1/3

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жол кырсыгы катталды

2/3

Кырсыкка Audi үлгүсүндөгү автоунаа кабылганы, ичинде беш киши болгону маалымдалды

3/3

Болжолдуу маалымат боюнча, бүгүн, 7-августта, эртең мененки саат алтыда катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып кеткен.

Болжолдуу маалымат боюнча, бүгүн, 7-августта, эртең мененки саат алтыда катуу ылдамдык менен келе жаткан айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, четтеги үйдүн короосуна ыргып кеткен.
"Унаа катуу ылдамдыкта келе жатканын кагылышуу маалында түбү менен жулунуп кеткен электр түркүгү далилдеп турат. Анын бетону соккудан жыйырма метр алыстыкка ыргыган", — деп билдирди журналист.
Жол кырсыктын айынан эки киши олуттуу жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Айдоочу менен калган эки жүргүнчү жеңилирээк жаракат алган.
Кабарчынын айтымында, каргашадан кийин ЖКККББ кызматкерлери унаанын ичинен марихуанага окшош эки пакет алып чыгышкан. Кырсык болгон жерде иштеген укук коргоо кызматкерлери унаанын аркасынан куугун болгонбу деген суроого "жок" деп жооп берген.
Ысык-Көлдө дагы бир жол кырсыгы катталып, эки киши каза болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Көлдө бус менен жеңил унаа кагышып, эки адам каза таап, 23 киши жабыркады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0