9-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын облусу. Архивдик сүрөт
Нарын облусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Жазылуу
12-августка чейинки туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Шейшембиде Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көлдө өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ал эми калган облустарда, дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Талас жергесинде +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +24...+29 жана Нарында +23...+28 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ошто +33...+35 жана Чолпон-Ата шаарында +24...+26 градуска жетет.
Талас облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Талас облусунда күн качан ачылат? Бир аптага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0