Баткенде чек арачы 8 жашар баланы атып алды. Бейтаптын азыркы абалы

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканадагы бала. Архив
Ооруканадагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Жазылуу
Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жерде К.Ж. аттуу жоокер 8 жашар баланы атып алды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 7-август күнү, болгон.
"К.Ж. аттуу катардагы жоокер Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан учурда Куралдуу күчтөрдүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарган. Анын кесепетинен 2014-жылы туулган А.С. аттуу балага ок тийип жаракат алган. Ал дароо Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген", — деди Чек ара кызматы.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 8-август саат 13:00гө карата баланын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш буканы мыйзамсыз алып кетүүнү көздөгөн топ кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
УКМК: Өзбекстанга 3,7 млн. сомдук мал айдап кетүүгө аракет кылгандар кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0