Боксчу Дмитрий Бивол эртең Кыргызстанга учуп келет

© AFP / PATRICK T. FALLONWBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол. Архив
WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2022
Жазылуу
Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп өскөн. Анын балалыгы Токмок шаарында өткөн.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келе жатат. Бул тууралуу Адылкан Бекболотов (спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу) атындагы боксту колдоо фондунан билдиришти.
Бивол эртең, 9-августта, түшкө маал "Манас" аэропортуна конору күтүлүүдө. Андан соң Тамгадагы машыгуу иш-чарасына барып, ал жакта 28-августка чейин болот.
Эске салсак, жеңил салмактагы WBA версиясы боюнча чемпион Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулуп өскөн. Анын балалыгы Токмок шаарында өткөн.
Жеңилбеген профессионал боксчу Дмитрий Бивол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Бивол дүйнөдөгү мыкты боксчулардын тизмесине кирди. ESPN рейтинги
Жаңылыктар түрмөгү
0