Нарында ар бир районго айыл чарба техникасы алынат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАйыл чарба техникасы. Архив
Айыл чарба техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Жазылуу
Учурда техникалык сервистерди түзүү боюнча райондор тарабынан долбоорлор даярдалды.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Нарында "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ар бир районго лизинг аркылуу айыл чарба техникалары алынганы жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, техникалык сервистерди түзүү боюнча райондор тарабынан долбоорлор даярдалды.
8-августта президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов банк кызматкерлерин кабыл алып, лизинг аркылуу техника алуу процессин ылдамдатып берүүнү өтүндү.
Лизинг жолу менен алынуучу техникалардын 30 пайызы же баштапкы төлөмү Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан каржыланып берилет. Калганы бара-бара техникаларды иштетүү жолу менен кайтарылмакчы.
Нарын облусунун аймагында өндүрүлгөн 10 азык-түлүккө Нарын бренд макамы ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Нарындан чыккан 10 азыкка бренд ыйгарылды, эми дүкөндөрдө сатыла баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0