Катар Бишкек шаардык №6 ооруканасына кошумча корпус куруп берет

Жазылуу
Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына кошумча корпус курулат. Ал 75 орунга ылайыкталып, заманбап медициналык жабдуулар орнотулган 3 кабаттуу имарат болмокчу.
Саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков курулуш иштерин баштоо алдындагы пландар менен таанышкан.
"Бул ооруканага жаңы жетекчи келгенден бери демилгелерди көтөрүп чыгууда. Ушул долбоор токтоп турган экен, жандантып баштоо алдында турат. Долбоор Катар мамлекети тарабынан каржыланат. Тендерди дагы өздөрү өткөрүп, подрядчы компанияны тандаптыр. Биз болгону сапатты талап кылабыз", — деди Касымбеков.
Жалпысынан бир миллион долларга каражат бөлүнүп, тийиштүү документтерге кол коюлган. Курулуш иштерин бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Учурда Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасын Улан Алиев жетектейт.
Тема боюнча:
Акылбек Жапаров: 20 шаарда оорукана куруу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0